www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 08.01.18деги № 7 токтом);

“Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.01.18деги № 42 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

“2017-жылдын 5-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.02.18деги № 95 токтом);

“2017-жылдын 10-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.02.18деги № 96 токтом).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

“Исламабад шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин ортосундагы Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.01.18деги № 16 токтом);

- Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2290-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 22.11.17деги № 766 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын).

Кабыл алынган токтом:

- “2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Последние новости