www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Даниялык окумуштуулар окуучулар менен бирдикте мобилдик телефондун тирүү организмге тийгизген таасирин сынап көрүшкөн. Эксперименттин жыйынтыгы алардын жүрөгүн түшүргөнүн билдирет, Awareness Act басылмасы.
9-класстын окуучуларынын сабакка көңүл буруусунун начарлыгы мына ушул тажрыйбаны жүргүзүүгө себеп болуптур. Экспериментте аныкталгандай, окуучулардын көбү телефонун башына коюп укташчу. Окумуштуулар окуучулардын көзүнчө эки бөлмөгө тең өлчөмдө кресссалаттын уругун отургузушкан. Уруктарга жарык менен нымдуулук бирдей берилип турган. Ал эми урук отургузулган бөлмөнүн бирине Wi-Fi жайгаштырып, анын нурлануусу уруктарга кандай таасир тийгизерин билүү максатын көздөшкөн эле.
Он эки күндөн кийин изилдөөнүн жыйынтыгы окумуштууларды, мугалимдерди гана эмес, окуучуларды да аябай таң калтырган. Анткени Wi-Fi турган бөлмөдөгү уруктар кийинки бөлмөдө өсүп жаткан уруктарга салыштырмалуу өтө начар өскөн. Тагыраак айтканда, жаңыдан өнүп келаткан уруктун көбү өлүп калганына окуучулар өз көздөрү менен күбө болушкан.
"Биз эми эч качан телефонду башыбызга коюп жатпайбыз. Телефон менен компьютерди башка бөлмөгө коёбуз. Wi-Fi дын айынан өспөй калган уруктарды көрүп үрөйүбүз учуп калды", - дейт эксперименттин катышуучулардын бири, окуучу кыз Леа Нильсон. Эми бул изилдөөнү жердиги белгиялык профессор Мари-Клер Каммарт дагы башка мектептерге кайталоону чечти.
Мобилдик телефон окуучулардын көңүл буруусун эле эмес, ден соолукка да зыян экенин окумуштуулар көптөн бери белгилеп келишет. Медалдын эки жагы бар деген дал ушу эмеспи...
Булак: Сырдуу дүйнө