www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүдө. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын колунда компанияны текшерүүгө алуу үчүн соттун уруксаты бар. Ишкана ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 221- ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") беренеси менен иш козгогонун билдирди.

Бирок компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран "Акнетке" каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын айтышууда. Компаниянын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тинтүү боюнча эч кандай документ көрсөтпөй жатканын маалымдашты.

"Акнет" Бишкек, Ош шаарларында Интернет, телекоммуникация тармагында иш алып барган компаниялардын бири. Айрым шаар тургундары "Акнеттин" пакетиндеги бир нече канал көрсөтпөй жатканын айтып жатышат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости