www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул тапта дүйө жүзү COVID-2019 инфекциясы менен күрөшүп жатат. Ар бир өлкө коронавируска каршы күрөшүүгө ар кандай чараларды көрүүдө. Мамлекеттер чек араларын жаап, элин эшикке чыгууга тыюу салып жатат.

Алардын ичинен демократиянын очогу саналган жана коронавирусту жуктургандардан биринчи орунда турган АКШда коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар кантип жазаланат? Бул тууралуу видеоңтасманы Фейсбук социалдык тармагынын "Мейкиндик" баракчасы жарыялаган. 

АКШдан сырткары, Пакистанда дагы коменданттык сааттын эрежелерин бузгандарды таяк менен уруп, кубулап жатканын көрүүгө болот.

Акыркы маалыматтарга таянсак, коронавирус инфекциясын (COVID-19) АКШда жуктургандардын жалпы саны 104 661ге жетти. Алардын арасынан 1702 киши каза болуп, вирус оорусунан 890 киши сакайды.

Ал эми эң көп оору катталган Нью-Йорк штатында жаңы 366 учур катталып, жалпы саны 25 398ге жеткен.

Эске сала кетсек, 27-мартта дүйнө жүзүндө АКШ илдетти жуктуруп алгандардын саны боюнча биринчи орунга чыккан.

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган. Учурда вирус 200гө жакын өлкөгө жайылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости