www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-мартта NazarNews маалымат агенттигине Нарын облусунун тургуну Урмат Акунов жеринен байланышка чыгып, бийликке Кайрылуу жасады.

Урмат Акуновдун айтымында, дүйнө жүзүнө тараган коронавирус илдети Кыргызстанга да келип, элди түркүн ойлорго салып жатат. Бул ооруну алдын ала кам көрбөгөн Өкмөт  башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин шалаакылы. Ага кошумча, Нарында коюлган блок-посттордун да даярдыгы жок. Жөн гана блок-постторду койбостон, карантиндик посттор коюлушу керек эле деген.

“Блок-постто чет жактан кирип-чыгып бара жаткан элдин бири-бирине болгон байланышы бар болуп, оору тез эле жайылып кетиши мүмкүн. Айта кетчү нерсе, каттоодо турган адамдарды карасаңыздар бул жерде адистер эмес,  жарандык топтор гана карап жатканы өкүндүрөт. Негизи өзүнүн кызматын билген гана адамдар турушу зарыл”, - дейт Урмат Акунов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта Нарын облусунда бир адам коронавирус илдетин жуктуруп алганы аныкталды.

Ушул тапта өлкө боюнча обсервацияда жаткан жарандардын саны – 4886. Ал эми үй карантининде 3338 адам жатат.

Бүгүн, 29-мартта коронавирустун жаңы 26 учуру катталып, республика боюнча бул илдетке кабылгандардын саны 84кө жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости