www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына пандемия менен күрөшүүдө ынтымакта бололу деген пикирин жазып чыкты.

"Бул оорууну, коронавирусту же бул пандемияны ким чыгарды, эмне үчүн чыгарды деген максатсыз ойлорго башыңызды оорутуп, көрүнгөндү күнөөлөбөңүз. Андан көрө үй бүлөңүз менен ынтымакта болуп, ибадат кылып, шүгүрчүлүк келтирип,өткөн күнүгүзгө тообо келтириңиз.

Үй бүлөңүздүн дене тарбиясына көңүл бөлүп, баарлашып, мээримдүүлүктү, сый урматты, ыйман, адеп ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө сиңирүүнү ойлоңуз.

Мээни бош калтырбаңыз, бош калган жерге болбогон ойлор келип уялайт. Мээнин бош калган же чулгап алган терс пикирлерден, аарылтуу үчүн, адамдарга болгон "ИШЕНИМ,ИШЕНҮҮ"-деген, көз караштагы жакшы ойлор менен толтурууга үмүт байлаңыз.

Айлана чөйрөңүздөгү, деги эле коомдогу адамдардын ким экендигине карабай, биринчи жакшы жагына, жакшы сапаттарына, адам катары коомго кошкон алгылыктуу салымдары, өрнөктүү иштери жөнүндө ой жүгүртүүнү адат кылып алганга аракет кылыңыз.

Сиз тааныган, тааныбаган, жакындан билбеген, сүйлөшпөгөн, адамдардын терс жактарын акырына калтырып, чукумай, караламай, кара өзгөйлүк, көрө албастык, ичи тардык сапаттар өзүңүздө болсо алардан кутулуунун жолун издеңиз жана бирөөгө кыянатчылык кылган адаттардан аарылуунун жолун издеңиз.

Бирөөгө көө жабуу, жаманатты кылуу, жаман пикир жаратуу, эки дүнүйө күнөө экендигин, тозоко адам катары түз путевка же жолдонмо алаарыңызды унутпаңыз.

Өзүңүзгө сын көз менен карап, башкаларга салыштырып көрүп, жыйынтык чыгарууну билиңиз .

"Өзүңдү бил,өзгөнү кой" -деген, принцип менен жашоого өтүңүз.

Башкаларга терс пикир айтуудан өзүңүздү тыюууга аракет жасаңыз. Адам болуу, адамгерчилик,адамдар жөнүндө ар качанда жакшы пикирде, жакшы мамиледе болуу, сиздин жашоо образыңызды сөзсүз өзгөртөт.

Үмүтсүздүк шайтанга берилген сыпат.

Үмүтсүз болуп, шайтанга азгырылбаңыз. Таза ой пикирлер ,максаттар менен мээни толтуруңуз.

Бүгүнкү күнүбүздөгү көрүнүш,кечээки күндөрүбүздөгү ойлордун жыйындысы экендигин унутпаңыз.

Кечээки күндөрдүн кесепети, ушундай апааттуу күндү алып келип, үйгө камалып, бирибизден, бирибиз бекинип олтурганыбыз, табийгаттын, терс пикирлер менен байланып калганыбыздын жообу деп билиңиз.

Ой пикирди, адамзатка болгон көз карашты жакшы ойлор менен алмаштыруу зарылчылыгын түшүнүңүз.

Бүгүнкү пландаштырган, жакшы ойлор, эртеңки күнүбүздүн түшүмү болоорун унутпаңыз.

Андыктан мээден баштап, көз карашты, ойду, үмүттү, максатты тазалоодон баштоону унутпаңыз.

Тазалануу, тазалануу, ар тараптан тазалануу тазалануу.

Сабырдуулук,сабырлуулук, чексиз сабырдуулук.

Ошондо бул пандемия менен күрөшүүдө жеңишке жетебиз", - деп жазган Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости