www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада коронавирус жуктургандардын саны расмий статистикада көрсөтүлгөндөн да  “ондогон жана жүздөгөн эсе көп”. Бул тууралуу өлкөнүн мурунку санитардык врачы Святослав Протас “Обозревателге” берген интервьюсунда билдирди.

“Вирус геометриялык прогресс менен жайылып жатат. Кызамык жана өпкө оорулары гана жугуштуу- контактка барган 10 адам ооруйт. Жөнөкөй жашоодо бир адам 5-30 адам менен контактка барат. Эсептегиле, канча адам коронавирус менен ооруп калашы мүмкүн”,-деп врач түшүндүргөн.

Анын айтымында, карантин инфекциянын таралышын минималдаштырды. Вирус аныкталгандардын эсебинен коронавирус жуктургандардын саны көбөйөт. Медициналык система жана крематорий өлүмгө учурагандардын санынын көбөйүшүнө даяр болуш керек.

Протас коронавируста эч кандай терапия жана аны алдын алуу жолу жок экенин эске салды.  Табигый иммунитетти түзүү үчүн калктын көпчүлүгү ооруш керек, коллективдик иммунитет калктын 30-70%ына жеткенде түзүлөт.

“Эгер Украинада эң жогоку сан жөнүндө сөз болуп жатса, бул калктын 70%ы болушу мүмкүн. Ал эми сан менен айтканда бул-20 млн адам”,-деп варч кошумчалады.

“Ушул логика боюнча Украина Кытайдан да 100 эсе олутту кесепеттерге учурашы керек. Эгер 20 млн адам ооруга дуушар болсо, анда өлгөндөрдүн саны 2 млн адамга жетиши мүмкүн. Мен муну элдин арасында дүрбөлөң кылуу үчүн эмес, биз тобокелчиликтерди жана жоопкерчиликти түшүнүү үчүн айтып жатам”,-дейт Протас.

Бүткүл дүйнөлүк саламатттыкты сактоо уюму 11-мартта Кытайдан чыккан  COVID-19 инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча 677,6 миң адам ооруп, 31,7 миң каза болуп, 146,2 миң айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости