www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өзүнүн Твитердеги баракчасына видео-тасма аркылуу чет өлкөдө жашаган Түрк атуулдарына үйлөрдөн чыкпоо чакырыгын салып, Кайрылуу жасады.

Жогорудагы видео-тасмада: "Биз үчүн сиз баалуусуз! Зарыл жумуштарыңыздар болбосо, үйдөн чыкпаңыздар, үйдө болуңуздар, биз биргеликте жеңебиз! Жашаган өлкөңүздөрдөгү жооптуу кызматкерлердин эскертүүлөрүнө көңүл буруңуздар. Эгерде, сиздерге жардам керек болгон болсо, биз менен түз - байланышка чыгыңыздар", - деп айтылат.

Эске сала кетсек, Түркияда жаңы типтеги коронавирустан (COVID-19)  дагы 16 киши каза таап, жалпы каза болгондордун саны 108ге жогорулады. Ал эми коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 7 миң 402ге жетти.

Ага кошумча коронавирус инфекциясынан 70 адам айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости