www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, экс-министр Алмамбет Шыкмамтов өзүнүн Фейсбук социалдык баракчасына учурдагы абал тууралуу билидрүү жазып чыкты. 

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет.

"Коронавирус илдети адамзатка жаңы түйшүк жаратты. Каргашалуу бул вирус өзүнүн күчүнүн жетишинче ырбап барып акыры сөзсүз токтойт,токтобой койбойт. Бирок, мунун кесепетинен көптөгөн мамлекеттердин экономикалары, ар бир үй бүлөөнүн финансылык акыбалы катуу соккуга кабылды. Бул апаат биздин өкмөт үчүн дагы чоң сыноо болду. Мамлекеттик аппараттын алсыздыгы, кадр саясатынын чабалдыгы, потенциалдын төмөндүгү, экономиканын араң жаны бар экендиги оркоюп чыгып калды. Эми эмне кылыш керек? Кандай радикалдуу чечкиндүү чечимдерге коомубуз муктаж? Канткенде элибиз эңсеген күчтүү мамлекеттик аппарат, профессионалдардан куралган эффективдүү өкмөт жана күчтүү парламент түптөлөт (?), деген суроо ар бир инсанды түйшөлтпөй койбосо керек.

Ушундан улам мен өзүмдүн жеке баамымда коомду туңгуюкта кармаган үч чоң оркойгон проблеманы атагым келди. Биринчиси-натыйжасыз шайлоо системасы; экинчиси-алсыз парламент; үчүнчүсү - потенциалы төмөн, көз каранды чабал өкмөт. Ушул учөө бири-бири менен тыгыз байланышкан, биринин кесепетинен экинчиси жаралган болтурбай коюуга мүмкүн болбогон системалык процесстердин натыйжасы. Жыйынтыгында ишке ашпаган реформалар, кур убадалар, элдин купулуна толбогон элита, экономика менен элдин жашоосунун күн санап начарлашы, элдин бийлик бутактарына болгон терс маанайы, коомдогу бирдиктүү компромисстин жоктугу. Эмне кылуу керек? Сунуш!
Биринчиси: парламент тез арада преференциалдуу шайлоо системасы жөнүндө мыйзамды кабыл алыш керек (мыйзам долбоору паламентте кыймылсыз жатат). Мындай системада депутаттык тизмени партиянын лидерлери эмес, шайлоочу өзү аныктайт. Шайлоочу-партияга эмес, партия сунуш кылган фамилияга тикелей добуш берет. Натыйжада парламентке элдин батасын алган интеллигенциянын, маданияттын өкүлдөрү, жаш жана жергиликтүү лидерлер келет, олигархтардын таасири азаят. Ошентип, күчтүү парламент калыптынат (Мындай система өнүккөн өлкөлөрдө натыйжалуу иштеп жатат).

Экинчиси: Президент тез арада Конституциялык кеңешме түзүп, Жогорку Кеңеш күзгө чейин Конституцияга бир-эки маанилүү өзгөртүүнү киргизиш керек:
1) Жогорку Кеңештин саны 90;
2) Шайлоодо баарынан көп добуш алган партиянын лидери Премьер-министр болуп дайындалат(элдин элегинен өтүп келген күчтүү лидер);
3) Башкаруу коалиция ураса парламент таркап жаңы шайлоо дайындалат (Премьер-министр фракциялардан көз карaнды болбойт. Өкмөт туруктуу болот).
Эмне үчүн азыр мындай чоң саясий эркти жана чечкиндүүлүктү талап кылган радикалдуу чечимдер керек? Анткени, мамлекет болгондон кийин парламент керек, парламентсиз мамлекет болбойт, ошондуктан каалайбызбы-каалабайбызбы күзүндө парламенттик шайлоого барабыз. Эгерде азыркы эреже менен шайлоого барсак, анда жогоруда белгилеген, коомдун өнүгүшүнө тоскоолдук кылган системалык проблемалар кайра эле кезектеги айлампасын улантат. Баягы эле көйгөйлөр: Парламентке олигархтардын каптап келиши, алардын коомдук процесстерге кайдыгер болушу; парламенттик фракцияларга көз каранды, олигархтардын көзүн караган алсыз өкмөт; саясий шантаждын негизинде жүргүзгөн өкмөттүн чабал кадр саясаты; Премьр- министирдин эл алдындагы жоопкерчилигинин жоктугу (анткени анын эл алдында убадасы жок, анын убадасы-аны кызматка алып келген фракциялардын алдында); Элдин кыжырына тийген Жогорку Кеңештин жана аппараттын майнапсыз өтө эле көп саны. Албетте мамлекеттин алдында сот реформасы, экономикалык реформа, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба реформалары турат. Бирок ошол маанилүү тармактарды оңдош үчүн эң оболу, ошол реформаларды ишке ашыра турган күчтүү мамлекеттик аппаратты түзүп алуу керек. Азыр мындай чечкиндүү кадамдарга барууга тоскоолдук деле көргөн жокмун. Тескерисинче, мындай кадамдарды азыркы кырдаал өзү талап кылып жаткандай. Болбосо кeлeчек бүдөмүк! Бул кадамга болгону саясий эрк жана чечкиндүү кадам керек! Айтор туугандар, ушундай ойду ортого салгым келди..."

Булак: NazarNews.kg

Последние новости