www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу 1 жыл 6 айга камалды. Бул тууралуу чечимди бүгүн Свердлов райондук соту кабыл алган.
Тилекмат Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) жана 264-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча айыпталууда.
Укук коргоо органдары анын Facebook баракчасындагы билдирүүсүндө “бийликти кулатууга чакырыктар бар” деп тапкан жана активист 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.
Эске салсак, Бишкек шаардык соту Кудайберген уулунун бөгөт чарасын 26-апрелде карап, үй камагына чыгарган.
Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келет. Ал “Жетим-Тоону коргоо” кыймылын жетектеген, “Ханституцияга каршы” борборунда мүчө болгон.
Булак: NazarNews.kg