www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Видео - Акылбек Жапаровдун үйү өрттөлдү

Социалдык түйүндөрдө турак жай өрттөнүп жатканда тартылган видеотасма тарады. Тастыктала элек маалыматтар боюнча, ал үй Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровго тиешелүү.

6-октябрда Ысык-Атада курулуп жаткан спорт комплекстин куруучулары сабалган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алар Ысык-Ата районундагы Интернационал айыл аймагынын жаштары тарабынан токмоктолгон. Андан тышкары 80 га аянттагы алма бак, ошол жердеги кароолчунун үйүн өрттөшкөн.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, спорт комплекс Акылбек Жапаров тарабынан курулуп жаткан. Ал эми алма бак Жапаровго тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости