www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Басма сөз кызматы билдирди.

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл.
Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», - деди ал. 

Белгилей кетсек, Премьер-министр өлкө чоң саясий жана эконимакалык реформалардын алдында турганын белгиледи. 

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди.

Алар: 

- күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо; 

- коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;

-  бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;

- донордук уюмдар менен жолугушуулрды өткөрүү;

- социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;

- салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;  

- коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости