www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев муфтияттын бөлүм башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде өлкөнүн бардык мечиттеринде кышка карата даярдык иштерин азыртан баштоонун зарылчылыгын белгилеп, тиешелүү тапшырманы аткарууну КМДБнын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратовго жүктөлдү.

Кышка даярдык көрүү иштеринде ар бир мечиттин имамы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, жылуулук менен камсыздап, суукка даяр болушу шарт.

Муну менен катар муфтий облус казыларына райондун баш имам хатибдери, аймактагы имамдар менен тыгыз иш алып барууну күчөтүү керектигин айтып, эл арасында, жаштарга терс диний агымдардын алдын алуу, жалпы журтту ынтымакка чакыруу керектигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости