www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаз Атамбаев доорунда кимдерге бүлүк салган

Бийлик дурманы башты айланта баштады. Күнөөлүбү, күнөөсүзбү Атамбаев бийлик башында турганда кылмыш иши козголгондорго назар салып көрөлү.

1. Дастан Сарыгулов, Кыргыз Республикасынын мурунку мамлекеттик катчысы, бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 4 жылга шарттуу кесилген.

2. Бекболот Талгарбеков, мурунку вице-премьер, айыл чарба  министри.

3. Төрөбай Колубаев, саясатчы.

4. Бектур Асанов, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 12 жылга кесилген.

5. Эксперт Эрнест Карабеков бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 20 жылга кесилген..

6. Кубанычбек Кадыров, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 12 жылга кесилген.

7. Тойгонбек Калматов, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 6 жылга кесилген.

8. Марат Султанов, Бишкек шаардык сотунун мурунку төрагасы. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 10 жылга кесилген.

9. Камчыбек Ташиев, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 1,6 жылга кесилген. Соттуулугу жоюлган.

10. Талант Мамытов, депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп кесилген. Соттуулугу жоюлган.

11. Садыр Жапаров, экс-депутат. Бийликтин өкүлүн барымтага алган деп күнөөлөнүп 11,6 жылга эркинен ажыратылган.

 12. Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын мурунку мэри.Сыртынан 7 жылга кесилген.

13. Учкунбек Ташбаев, геология жана минералдык ресурсттар боюнча Мамлекеттик агентчиликтин мурунку жетекчиси. Кызматтык абалды кыянаттык менен пайдаланган үчүн 5 жылга эркинен ажыратылган.

14. Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри. Коррупцияга айыпталып,11 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекетке келтирилген зыяндарды төлөп бошотулган.  

15. Урмат Аманбаева, экс-депутат. 9 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекетке келтирилген зыяндарды төлөп бошотулган.  

16. Акматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурунку спикери. Жок жерден айыпталып,10 миллион сом төлөп бошотулган. Соттуулугу жоюлган.

17. Райкан Төлөгөнов, экс-депутат. Мародерчулук фактысы боюнча  2010 жылы 15 жылга эркинен ажыратылган.

18. Равшан Сабиров, социалдык өнүктүрүүнүн мурунку министри. 5 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс менен бошотулган.

19. Гүлнара Дербишова, социалдык өнүктүрүүнүн мурунку министринин орун басары. 5 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс менен бошотулган.

20. Данияр Нарымбаев,президенттик  аппараттын мурунку жетекчиси. Коррупцияга шектелип 3,5 жылга эркинен ажыратылган.

21. Хаджимурат Коркмазов, экс-депутат. Коррупцияга шектелип 1,5 жылга эркинен ажыратылган.

22. Өмүрбек Текебаев, экс-депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери. Коррупцияга шектелип 8 жылга эркинен ажыратылган.

23. Дүйшөн Чотонов, мурунку өзгөчө кырдаалдар министри. Коррупцияга шектелип 8 жылга эркинен ажыратылган.

24. Аида Салянова, депутат, экс-Башкы прокурор. 5 жылга эркинен ажыратылган.

25. Алмамбет Шыкмаматов, депутат.

Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан.

26. Игорь Чудинов, депутат, экс-премьер-министр.

Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан.

27. Карганбек Самаков, экс-депутат.

Жок жерден айып тагылып 10 жылга эркинен ажыратылган.

28. Искендербек Айдаралиев, мурунку биринчи вице-премьер-министр. Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан.

29. Арстанбек Ногоев, Бишкек шаарынын мурунку мэри.Сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

30. Таалайбек Өмүралиев, мурунку Коргоо министри. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн 5 миллион сом айып тартып, генерал-майор наамынан ажыраган.

31. Канатбек Исаев, депутат. Коррупцияга шектелип, 12 жылга эркинен ажыратылган.

32. Замирбек Эсенаманов, жаратылыш ресурстарынын мурунку министри. Кылмыш иши козголуп, сот тарабынан акталып чыккан.

33. Исхак Пирматов, депутат. Кылмыш иши козголуп, парламент жоопкерчилик тартууга макул болгон эмес.

34. Элмурат Обдунов, экс-депутат. Кылмыш иши козголуп, парламент жоопкерчилик тартууга макул болгон эмес

35. Иса Өмүркулов, депутат, Бишкектин мурунку мэри. Кылмыш иши козголуп, жоопкерчилик тарткан эмес.

36. Курманбек Осмонов, мурунку вице-премьер-министр. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес.

37. Болот Абилдаев, мурунку каржы министри. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес

38. Темирбек Акматалиев, мурунку өзгөчө кырдаалдар министри. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес

39. Аскарбек Шадиев, мурунку биринчи вице-премьер-министр.Кылмыш иши козголуп, сыртка качып кеткен.

40. Тайырбек Сарпашев, мурунку биринчи вице-премьер. Кылмыш иши козголуп, иши кыскартылган.

 41. Нурлан Сулайманов, мурунку унаа, жол министри, коррупцияга шектелип издөө салынган.

42. Шералы Абдылдаев, мурунку мамлекеттик мүлк министри. Коррупцияга шектелип издөө салынган.

 43. Акылбек Жапаров, депутат. Коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон.

43. Музаффар Исаков, депутат. Коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон.

44. Өмүрбек Бабанов, экс-депутат.Бийликти оодарууга жасаган аракети үчүн кылмыш иши козголгон.

P.S. Бул тизмеге апрель окуясы боюнча жоопкерчилик тарткандар кирген жок. Алар өзүнчө жарыяланат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «Назарньюс»

Последние новости