www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында жарандар 114 ыкчам номуру аркылуу акысыз юридикалык жардам ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.
--“Жакында Юстиция министрлигинде жакында 114 ыкчам байланыш номуру ишке кирет. Азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Мында бардык жарандар биздин адистерден акысыз юридикалык кеңештерди, жардамдарды ала алышат. Буга чейин биздин адистер жарандарга Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин 112 ыкчам кызматы аркылуу юридикалык акысыз кеп-кеңеш берип келишкен.
2020-жылы 20 миң адамга юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми быйыл жыл башынан бери 400 адамга жардам берилди. Биз аймактарга дагы барып жеринде элдерге юридикалык жардамдарды көрсөтүп келебиз. Бул иш-чаралар дагы улантылат.
Биздин борборго жарандардын өзүнөн жана сотко чейики өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар, соттор аркылуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алуу жөнүндөгү арыздар келип түшөт. Арызды координаторлор карап чыгат. Эгерде ал жарандын арызы “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” жөнүндөгү мыйзамдагы талаптарга туура келсе, ага мамлекеттин эсибинен адвокат дайындалып берилет.
Аталган долбоор 2014-жылдан бери Чүй жана Ош облустарында иш алып барып, акысыз юридикалык жардам борборлорду ачууга, бул багытта мыйзамдарды өнүктүрүүгө салым кошуп келет.
“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” жөнүндөгү мыйзамы 2016-жылы кабыл алынып, анда административдик, жарандык иштер боюнча дагы жардам алууга мүмкүнчүлүк берилген. Ага чейинки мыйзамда бир гана кылмыштуулук иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүлчү.
Учурда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору негизделип, активдүү иш алып барып жатат. Бул борборго укуктук жардам боюнча бардык сууроолор менен кайрылса болот.
Анда юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук билим берүү, укуктук маалымат берүү, калктын аярлуу катмарынын укуктук коргоонун деңгээлин жогорулатуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү. Жарандардын айрым категорияларынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алуу укугун камсыз кылуу негизги милдеттери болуп саналат.
Акысыз юридикалык жардам юридикалык консультациялар жана маалымат түрүндө юридикалык маселелер боюнча оозеки консультацияларды берүү, ошондой эле документтердин долбоорун түзүүгө көмөк көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт”, - дейт директор.
Булак: NazarNews.kg