www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда цирктин алдындагы фонтандан аял менен эки кызды ток уруп, эсин жоготуп жатып калышкан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан күбөлөрдүн айтымына таянып кабарлады.

Буга чейин интернетте жабыркагандар тартылган видео жарыяланган.

Окуяга Укилай Бестай аттуу казакстандык аял күбө болгонун Facebook баракчасына жазды. Ошол мезгилде ал балдары менен паркта сейилдеп жүргөнүн айтып, эки кыздын фонтанга бут кийимдерин чечип түшөйүн деп жатканын көргөнүн кошумчалаган.

"Алар металл конструкциядан буттарын ала албай калышты. Бир маалда алып чыгуу үчүн апасы чуркап келди. Бирок үн чыккан жок. Ошондо мен аларды ток урганын түшүнүп, элди жардамга чакыра баштадым. Бирок баары тең өз өмүрлөрүн тобокелге салууну каалаган жок окшойт. Бир убакта Абылай аттуу жигит аларга жардамга келип, жабыркагандарды суудан алып чыкты", — деп жазган ал.

Жабыркагандарга Абылайдан башка да бир киши жардам бергени маалым болду. Күбөлөрдүн айтымында, кыздардын бири эсине дароо келген. Ал эми аял менен экинчи кызга ошол жерде чогулгандар жардам бергенден кийин көзүн ачкан.

Азыркы тапта жабыркагандардын абалы белгисиз.

Sputnik Казакстан агенттиги жабыркаган аял менен кыздар тууралуу маалымат алуу үчүн Алматы шаарынын ден соолук боюнча коомдук башкармалыгына, куткаруучуларга жана милицияга кайрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости