www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Демократиялуу өлкө болгонубуз менен уттуруп баратабыз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине саясий серепчи Алмаз Тажибай.
--“Бийликке келген адам эле Баш мыйзамды өзгөртө баштайт. Бийликтин үстүндө болгону үчүн баарын каалагандай оңдошот. Демократиялуу өлкө болгонубуз менен уттуруп баратабыз. Буга көп нерселер себеп болду. Бийликтин тармактарын учурда жамандагандын да, мактагандын да кереги жок. Бири-бирибизге ишеним артышыбыз абзел. Саясий лидерлер четте турбай, аралашып, кемчилик байкалган жерден акылдуу чечим кабыл алып, ынтымагыбызды көрсөтүп, бөлүнбөй аракет кылсак, анда биз оңолобуз. Октябрь айында өлкөдө коркунуч болуп турду. Анткени бийликке жанталашкандар көп болду десем туура болот. Укуктук талаага чыкпаса, уюшкан кылмыштуу топтор кырдаалды пайдаланып, Кыргызстанды талкалап кетмек. Кыргыз Республикасына чоң коркунуч туулуп жатканын бардык элита түшүнүп турду. Азыр абал туруктуу Баш мыйзамда гана талаш маселе болууда. Эми ушул жол менен жүрүп, улантуу кажет. Саясий лидерлер талаш-тартышты токтотушу зарыл”, - дейт серепчи.
Булак: NazarNews.kg