www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн акысыз өтөбү?

Министрдин айтымында, эмдөө акысыз жана ыктыярдуу болот. Анын айтымында, департамент тарабынан коронавируска каршы эмдөө программасы иштелип чыккан.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи кезекте коронавируска каршы ким эмделе тургандыгын айтты.

"Биз улуттук эмдөө программасын иштеп чыктык. Биринчи кезекте дарыгерлер, мугалимдер, чек арачылар, башкача айтканда, көп сандаган адамдар менен иштегендер эмделет. Андан кийин өнөкөт оорулары бар жана 65 жаштан жогору жарандар эмдөөдөн өтүшөт. Үчүнчү этапта ыктыярчылар вакцинаны алышат", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, программа Кыргызстанга келе турган бардык вакциналарга тиешелүү. Министрдин айтымында, эмдөө акысыз жана ыктыярдуу болот.

Эске салсак, буга чейин Бейшеналиев Кытай вакцинасынын 150 миң дозасы эртең Кыргызстанга алынып келинерин айткан. Ал белгилегендей, эмдөө марттын аягы жана апрелдин башында башталат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости