www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--“Мыйзам үстөмдүгүн ордуна коюш керек. Азыркы депутаттардын жазган мыйзамдарын көрүп жүрөбүз. Көбү сапатсыз десем туура болот. Аларды сырттан алып келип жатышат. Мисалы, Россиядан же башка өлкөдөн алып келип жазышканын билем. Тактап айткнада чет өлкөнүн мыйзамдарын көчүрүп алышат. Ошону менен катар сот системасын реформа кылыш керек. Бизде сот системасы аябай начар багыт алган. Ошого байланыштуу депуттар жакшы мыйзам жазышса. Ал эми аким, айыл өкмөт башчыларын ачык тандап, билим деңгээлин катуу текшерүү зарыл. Мисалы, теледебаттарга түз эфир аркылуу чыгарып, аныктоо керек. Ким кандай деңгээлде сабаттуу экени баары ачык билинет да. Биз ошентип мыкты, билими жогору жетекчилерди тандап алабыз. Тилекке каршы Кыргызстанда тааныш, акча менен кызматка келишет. Же аларга карата мыйзамдуу чара көрүлбөйт. Депутаттар каалаган адамын жетекчи кылып алышат дагы коргоп турушат. Аткаруу бийлиги аларга карата катуу чара көрө албайт. Бир нерсе болсо эле тааныш депутаттары чыга калып, асылат. Анан кантип иш жүрсүн, кантип Кыргызстан өнүгөт? Ошондуктан жетекчи болом дегендерди эл тандоосу керек”, - дейт Алмаз Тажибай.
Булак: NazarNews.kg