www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башка белгилүү саясатчыларды чыгарып кетишкен. Бул тууралуу "sputnik.kg" жазып чыкты.

“Короче” Telegram-каналы Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунун видеосун жарыялады. Кадрдын баш жагында көрүнүп тургандай, Алмазбек Атамбаевди кара түстөгү унаадан алып чыгып ак түстөгү унаа менен алып кетишкен.

Эске салсак, 10-октябрда мурдагы президент массалык башаламандык уюштуруу фактысы менен кармалган.

Атамбаевдин эркиндикке чыгышы

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башка белгилүү саясатчыларды чыгарып кетишкен. Эртеси, 6-октябрда, Атамбаев "Форум" мекемесинин алдында элге чыгарын айтып, бирок ден соолугуна байланыштуу келе албай калган.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов менен "Форум" мекемесинин алдында сүйлөгөн. Андан кийин саясатчылар тарапташтары менен "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Алар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталгандан кийин аянтты Өкмөт үйүнүн алдына келгендер ээлеп алган.

Атамбаев бул окуяда аны жок кылуу аракети болгонун айтып, автоунаасына тийген октун изин көрсөткөн.

 

Последние новости