www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү медиа уюмдар мамлекет сөз эркиндигин коргоо боюнча милдеттемелерин так аткарышы зарыл экендигин белгилешкен.

Кыргызстандагы медиа уюмдар ЖМК редакцияларына, журналисттерге кол салуу жана коркутуу фактыларынан улам тынчсызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу "Медиа Полис" институтунун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, акыркы саясий окуяларды чагылдырып, өз милдетин аткарып жаткан журналисттерге коркутуулар болуп, Азаттык, 24.kg, Sputnik Кыргызстан жана Kaktus.media маалымат агенттиктери имаратын кайтарууга элдик кошуундарды чакырууга аргасыз болушкан.

Ошондой эле 10-октябрь күндүз Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылган. 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң "30 мүнөт убакыт беребиз" деп күзөтчүнү тилдеп кетишкен.

Мындан сырткары, Кой-Таштагы аскерлер чет элдик РИА Новости, ТАСС, Associated Press жана башка ЖМКлардын иштешине тоскоолдук жараткан.

"Биз жогорудагы фактыларга бийлик өкүлдөрүн үн катууга чакырабыз. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында журналисттердин иши, бөтөнчө нааразычылык акцияларын чагылдырышы маанилүү экендиги бир нече жолу тастыкталды. Бүгүнкү окуялар сөз эркиндигине олуттуу коркунуч туудурганы байкалып турат. Биз бийликти журналисттерге коопсуз шартта иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мамлекет сөз эркиндигин коргоо боюнча милдеттемелерин так аткарышы зарыл экендиги белгиленген.

Журналисттерге тынчсыздануусун билдиргендер:

  • "Медиа Полис" институту;

  • Журналисттердин көз карандысыз союзу;

  • Internews уюмунун КРдеги өкүлчүлүгү;

  • Тынымгүл Эшиева;

  • Динара Суймалиева;

  • Тамара Валиева;

  • Авланбек Жумабаев.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости