www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев социалдык тармактарда анын тарап жаткан сүрөт, видеолоруна комментарий берип, муну министрди жаманатты кылуу аракети менен байланыштырды.

Ал интернетке чыккан сүрөттөрдөгү кыздар медициналык тармактын кызматкерлери экенин билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан билдирүүдө бул иштер “медициналык бизнестин кураторлору тарабынан жасалып жатканы” айтылат.

“Албетте, алар күткөн, даярданып келген медайымдардын кесиптик майрамы менин аброюма шек келтирүү үчүн пайдаланылганы абдан кейиштүү. Бул ал адамдардын абийирсиздигин жана мени кандай жол менен болсо да жок кылууга даяр экенин көрсөтүп турат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки жолу суракка алганын айтып чыккан.

Анын сөзүнө караганда, УКМК кызматкерлери 12-майда Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага байланыштуу ага суроо берип, видеого тартып алышкан. Министр бул иш-чарага медайымдар өздөрү 100 миң сом чогултканын айтып жатат. 14-майда ошол эле маселеге байланыштуу коопсуздук кызматы “Манас” аэропортунда да аны суракка алып, видеого тартышкан.

Бейшеналиев азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын айтты.

Атайын кызмат Жети-Өгүздө 100 500 сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын билдирген.

Ушул күндөрү социалдык тармактарда Алымкадыр Бейшеналиевдин жардамчысы делген кыз менен түшкөн сүрөттөрү, той-топурлардагы видеолору тарап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости