www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мамлекетти тоногондордун мүлкүн толук конфискациялап, 15-20 жылга чыкпай турган болуп камалышы керек», - деди бүгүн, 16-майда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Мавлян Аскарбеков.
- Мамлекетти тоногондорду кусса эле бошотконубуз туурабы же жоопкерчиликке тартуу жагын да карашыбыз керекпи?
- Бийликке акыл айткым келбейт, болгону кечеги, мурдагы күндөн сабак алса деген ой. Кыргызстан кичинекей эле мамлекет, тааныш, билиш, маалымат саясатчылар арасында тез эле тарайт.
Мамлекетти уурдап, катан акчанын дарегин таап кою маселе эмес экенин азыркы геосаясий кырдаал көрсөтүп койду. Акылбек Жапаров: «Бизге тагдыр дагы бир шанс берди», деген сөзү бар.
Ким ким менен иштегенин, кантип жегенин, азыр кимиси кайда кызматта экенин, жапырт эл билбесе да саясатчылар билебиз. Ширшов бүгүн кармалып, ал менен иштегендер кызматта эле жүрүшөт.
Коррупциянын ана башчылары кармалганын да, кусганын да көрдүк. Ширшов боюнча да убакыт көрсөтөт. Айтаарым, элди, мамлекетти тоногондордун мүлкүн толук конфискациялап, 15-20 жылга чыкпай турган болуп камалышы керек.
Булак: NazarNews.kg