www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Атамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктады.

Ал Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып кеткен судья Мирлан Термечиков Алмазбек Атамбаевди эки кылмыш иши боюнча тең кылмыштын курамы жок болгондуктан актады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча. Былтыр жайында ага түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген, ошондой эле 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.

Последние новости