www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда жаш балдарын мыкаачылык менен сабаган жаран кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө "мыкаачы ата" ушундай жол менен аялынан өч алууга аракет кылганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты билдирди.

Бир күн мурун социалдык тармактарда чоң киши кичинекей балдарды аёосуз сабап жаткан видео тараган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, бул видео өткөн жылдын сентябрь айында тартылган. Ташкент облусунун Янгиюль районунун «Гулистон» махалласынын 30 жаштагы тургуну тынымсыз үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан эки жашар баласын ар кандай кыйноолорго алып турган. Бул процессти ал уюлдук телефонго тартып, аялынан өч алуу максатында видеону социалдык тармактарга тараткан.

13-майда укук коргоо кызматкерлери аталган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 2-бөлүгүнүн «а» пункту (жашы жете электи кыйноо) боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости