www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"NazarNews" маалыматтык агенттиги аркылуу Кулжан Орозалиев аттуу жеке ишкер өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылып, Президенттик аппаратта иштеген Салиман Малдыбаевадан зыян тартып жаткандыгын айтты. Ал өз сөзүндө мыйзам чегинде сатып алган жерине жогоруда аты аталган айым ээлик кылып алууну көздөп жатканын билдирди. Кайрылуунун кыскача бөлүгү менен төмөндө таанышсаңыздар болот.

"Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич, өткөн жылдын күз айларында шаардын чет жакасынан жер тилкесин сатып алып, бала-бакча курууну пландап жатканбыз. Бирок кайсы бир финансылык тоскоолдуктардан улам инвестор чакырып, планыбызды өзгөртүүгө туура келген. Германиядан мамлекетибизге 5-7 миллион доллар алып келчү инвестор таап, ишти баштаган учурда «Менин өзүмдүн мыйзамым бар, силер баарыңар эшексиңер", - деп мамлекеттик бийлик бутактарын кемсинтип, өзүнүн кызматтык укуктарын пайдаланган Салима Малдыбаева деген президенттик аппаратта иштеген жаран пайда болуп, ишти токтотту.

Биздин колдо алып-сатуу боюнча, банктан сатып алган кагаздар, жер тилкесинин кызыл китеби жана эң негизгиси жерге биз ээлик кыла тургандыгыбыз боюнча Жогорку соттун чечими турат. Бул айым колунда эч бир кагазы жок туруп биздин жерди Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кантип арестке коюп койгонуна бүгүнкү күнгө чейин акылыбыз жетпей турат. Бул жер тилкесинин бизге чейин сегиз ээси алмашыптыр, бирок бул айымдын, же анын жакындарынын ал жерге ээлик кылган адамдардын арасынан аты чыккан жок. Анда кантип талашып жатат? Бул күнгө чейин унчукпай келип, чоң кызматка келгенден кийин гана мыйзамсыз аракеттерин мыйзамдаштырып, башка бирөөнүн жерин талашып жатканын — кызматтык абалынан, укуктарынан аша чабуу менен пайданланып жатат деген ойго келип такалып турабыз.

Урматтуу мамлекет башчыбыз Садыр Нуркожоевич, биз ак эмгебиз иштеп, мамлекетке ак дилибиз менен кичине болсо да салымыбызды кошоюн деп жүрөбүз. Германиялык инвестор мамлекетибизге 5-7 миллион доллар акча каражатын алып келгенден тышкары жумуш ордулары да түзүлмөк. Бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, дыкат иликтеп чыгуусуна жана жок жеринен догурунгандарды жоопко тартылышына тапшырма берүүңүздү өтүнөм», - деп айтылат кайрылууда.

Булак: NazarNews,kg 

Последние новости