www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө өтө турган марафондо 7 тармактын өкүлдөрү бир жерге чогулат. Бул тууралуу кечээ, 4-августта NazarNews маалымат агенттигине Шахмат федерациясынын президенти жана Аралаш күрөш искусствосунун жетекчиси Бабур Төлбаев билдирди.

“Буюрса бул өзгөчө марафон болот деп ишенем. Анткени, бул жакта 7 тармактын өкүлдөрү бир жерге чогулат. ITишниктер, бизнесмендер, блоггерлер, спортчулар, режиссёрлор. Булар бири-бири менен таанышып, колдоо көрсөтүп, жаңы ачылыштарды жасоого абдан чоң шарт түзүп берет. Биз мунун менен Кыргызстанды даңазалап, жакшы маанай жараталы деген ниеттебиз. Ошондой эле маданиятты, спортту дагы көтөргөнгө чоң өбөлгө болот”, - дейт Төлбаев.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги “Issyk-Kul Swim 181”, “GAMMA REvolution Fest’21” жана “Issyk-Kol Race 2021” деген аталыштагы марафон өткөрүлөт. “GAMMA” марафону 24-29-августка чейин уланып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө өткөрүлөт.  

Аталган марафондун негизинде Ысык-Көлдө сууга сүзүү, веложарыш, шахмат болот. Ошону менен катар блогерлердин, IT тармагынын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин форуму өткөрүлөт. Мындан сырткары кино фестивалы дагы уюштурулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости