www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Байден кимге тизеледи?

АКШнын президенти Джо Байден аскерлер менен жолугуп сүрөткө түшкөндө сыңар тизелеп турган. Мамлекет башчысы катышкан иш-чаранын видеосу "Пул N3" деп аталган Telegram-каналга жарыяланган.

Бул окуя аскерлер менен жолугушууда болгон. Иш-чаранын соңунда ал аскерлерге сүрөткө түшүүнү сунуштаган.

Аскерлер тизилип турганда алардын алдына келген президент жанында турган отургучка таянып, сыңар тизелеп отура калган.
Сүрөткө түшүп бүткөндөн кийин туруп, андан соң ал аскерлер менен сүйлөшүүсүн уланткан.

Социалдык тармактар АКШ президентинин кезектеги кадамына ар кандай пикирлерди калтырууда. Көбү таң калгандыгын жашырган жок. Интернет-колдонуучулар арасынан АКШ лидеринин мындай кылганына күлгөндөр да болду.

Бул прездинттин тизелеген биринчи окуясы эмес. Мурдараак Пенсильвания штатындагы Скрантон шаарында нааразылыкка чыккандар алдында да тизе бүккөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости