www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанга акыл айткан америкалык уюмдун өкүлүнө каарын төктү.
Байсалов Twitter баракчасына кайсы бир иш-чарада сүйлөгөн видеосун жүктөгөн.
Твит субботы утра. Недавно в страну приезжала одна американка Эрика, пыталась чего то там учить про мою страну и какие мы тут плохие и тупые. Почему бы своей демократией вам не заняться, сказал ей я тогда. И почитав про #RoeVsWade тоже шлю ей и остальным привет. We love USA! 🌹✊ pic.twitter.com/QPQrl6pUc1
— Edil Baisalov (@baisalov) June 25, 2022
Анда Кыргызстан кичинекейлерди коргоо боюнча лекцияларга муктаж эместигин, өзгөчө жума сайын бала бакча, мектептерде балдар ок жеп жаткан окуялар катталган өлкөнүн кеңеши кереги жоктугун айткан.
"Жакында эле бизге америкалык Эрика келип, менин өлкөмө бир нерсени үйрөтүүгө аракет кылып жана биз кандай жаман, караңгы, акылсыз экенибизди айтты. Мен анда ага эмнеге өзүңөрдүн демократияңар менен алектенбей жатасыз дедим", — деп жазды Байсалов.
Ошондой эле ал Кыргызстан цивилизациялуу өлкө экенин, кимдир бирөөгө отчет берип, аларды туурап, аларга окшошууга аракет кылбастыгын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg