www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда тарап жаткан видеодогу каналда агып бара жаткан өспүрүмдү куткарып, бирок куткаруучулар өздөрү сууга агып кеткен окуя Кыргызстанда болгон эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
"ӨКМдин "112" байланыш түйүнүнө сууга аккан окуя боюнча маалымат түшкөн эмес. Тактоо ишин жүргүзүүнүн натыйжасында коңшу Казакстан жана Өзбекстанда дагы бул кырсык катталган эмес", - дешти ӨКМдин маалымат кызматынан.
Видеодон сууга агып бараткан өспүрүм баланы куткаруу үчүн эки куткаруучу сууга секиргенин көрүүгө болот. Алардын бирөөсү баланы суудан алып чыкканы менен экинчи кызматкер суудан чыга албай калат. Ага жардам берем деп биринчиси кайра сууга кирип, экөө тең агып кеткен.
Булак: NazarNews.kg