www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ жарандарга кайрылуу жасады

Ички иштер министрлиги өлкөнүн жарандарына кайрылуу жасады.

"Ихсан Групп ЛТД" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнөн жабыркагандар кайда кайрылуу керектигин Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга миллиондогон доллар зыян келтирилген.

Жарандар "Ихсан Групп ЛТД" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен болсо, токтоосуз түрдө Фрунзе көчөсү №469дагы ИИМдин тергөө кызматына жана 0 312 26 64 05, 0 709 11 45 74 же 102 телефон номерлерине кайрылса болот.

“Урматтуу Кыргызстандын жарандары, сиздерден Ихсан "Групп ЛТД" кооперативине кирбөөнү суранабыз. Финансы пирамидасынын белгилери байкалып, салынган каражаттар кайтарылбай калышы мүмкүн. Cак болуңуздар", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды сергек болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы кармалганы кабарланган. "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости