www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

37 жаштагы бразилиялык Клаудио Виейра де Оливейра эң эле сейрек кездешүүчү тубаса оору менен төрөлгөн. Анын башы артты карап, колу, буту ичке карай ийрейип турат. Апасы Мария Хосенин айтымында ага адис­тер араң дем алып жаткан баланын жашап кетиши толугу менен мүмкүн эмес экендигин түшүндүрүшүп, ачка жаткырып коюп баланын жан берүүсүн күтүүсүн сунушташкан.

Бирок эненин жүрөгү бул суук сунушту кабыл албай, кандай болсо да баласынын жашап кетишинен үмүт кылып бар аракетин­ жумшай баштаган. Клаудио сегизге чыкканга чейин колуна көтөрүп жүрүшкөн болсо, андан соң тизелеп баса баштаган. Үй-бүлө баланын аракетине сыймыктанып биринчи кабаттан өзү сыртка чыгып келип туруусуна ылайыктап батир сатып алышат.

Эң эле таң калыштуусу дене мүчөсү туура эмес калыптанган Клаудио көпчүлүктүн оозун ачырып бухгалтер жана оратор болууну максат кылып анын үстүндө тынымсыз издене баштаган. Журналисттерге берген маегинде “мен бирөөлөргө көз каранды болууну жаман көрөм. Өзүмдү толук кандуу адамдардын катарындамын деп сезем. Максатыма жетүү үчүн кылган аракеттеримдин натыйжасы катары мектепти эл катары окуп бүтүп, Фейре-ди-Сантанадагы мамлекеттик окуу жайын бүтүргөнүмдү айта алам. Учурда банктык эсеп иштерин жүргүзүп кардарлар менен иш алып барам” деген.

Саламаттыгындагы кыйынчылыктарга карабай сүйлөйт жана сыналгы, радиолорду өзү каалагандай күйгүзүп-өчүрө алат. Ошондой эле кадыресе адамдардай эле телефон чалып сүйлөшүп, интернетти кеңири колдоно алат. Кантип дебейсизби? Клавиатураны оозуна тиштеген калем саптын жардамы менен башкарса, телефон менен компьютерди эриндери аркылуу иштетет. Шаар ичин аралоого атайын бут кийим тиктирип алган.

Булак: "lady.kg"

Последние новости