www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиялык мектеп окуучусу Мохаммад Калеемдин колунун күн санап чоңоюп баратканына адистер бүгүнкү күнгө чейин түшүнө албай келишет. Ата-энеси өтө начар жашагандыктан баласынын бул абалына кантип жардам беришти билбей аргасыздыкка кептелип турушканын айтышат.

Мохаммед мектепке дагы бара албай калган. Анткени мугалими өзү теңдүү балдар анын колунан коркуп жатышкандыгын билдирип, чоң колдуу баланы ал чөйрөдөн алыстаткан. Ар бир колунун салмагы сегиз килограммды түзсө, ар бир манжасынын узундугу 33 сантиметрге чейин жетет. Доктурлар колунун өсүүсү токтобосо жүрөгүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал деп жатышат.

Бирок буга карабастан дүйнө кыдырган саякатчы болууну максат кылган Мохаммед өз алдынча окууну улантып жаткан чагы.

Булак: "lady.kg"

Последние новости