www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-июлда Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев NazarNews маалымат агенттиги аркылуу кыргыз элине чукул Кайрылуу жасады.

«Лейлек районундагы Козу-Баглаң жана Ак-Суу дарыялары уулануу коркунучунда турат. Биздин тоолордун 70 пайызын ээлеп алган чет элдик алтын казган компания мыйзамсыз кен казуу иштерин жүргүзүп жатат. Лейлек районунун калкы өзүнүн экологиясын сактап калуу максатында аталган компания менен 10 жылдан бери алп урушуп келет. Азыркы учурда алтын казган компания укук коргоо органдары менен биригип, мага мыйзамсыз кылмыш ишин козгоп жатат. Алтын казуу саясатында Кыргызстан өз үлүшүн уттурган.

Ошондуктан, жалпы кыргыз элине кайрыларым экологияны таза сактап калалы. Биздин айылдык кеңештин «Козу-Баглаң жана Ак-Суу дарыясында кен казуу иштери жүргүзүлбөсүн» деген токтом бар. Бирок буга карабастан органдар менен биригип мыйзамсыз кен казуу иштерин азыркыга чейин жүргүзүп келет», - деп билдирди Бөрүбаев.

Эске сала кетсек, активист Сапарали Бөрүбаев мыйзамсыз кен казуу боюнча өзүнүн жеке пикирин ачык айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости