www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО – Аналитик: Батыш менен тиреште Орусия жеңет

Орусия менен Украинанын айланасындагы кырдаал чыңалууда. Бул учурда Орусия өлкөдөгү кризистин акыры эмнеге алып келээрин ачык айтат. Эгер Батыш жеңип, Орусия жеңиле баштаса, анда өзөктүк куралды колдонууга аргасыз болобуз. Бул Украинадагы кырдаалдан да кооптуу болушу талашсыз. Мен өзөктүк согуш болот деп айтпайм, бирок, анын өзү кооптонууну жаратат. 

Батыш менен тирешүүдө Орусия жеңишке жетет. Эмне үчүн деген суроо жаралышы мүмкүн. Бирок, алгач бул маселе биринчи кезекте орустарды чочулатабы же америкалыктардыбы? Америкалыктар Украинага анча деле боор тартпайт. Алар Украина үчүн согушаарын ачыктан-ачык көрсөттү. Демек, бул жагдай да орус тараптын жеңишке жетүүсү талашсыз. Эми ким мунун азабын тартат?

Америка өзүн жеңилдим деп эсептебеши айдан ачык. Бул маселе бизди кызыктырбайт. Бул учурда Украина жеңилет. Украинаны бул кооптуу жолго Америка түрттү. Аларды НАТОнун мүчөсү болууга үндөдү. Америка Украинаны Орусия менен согушууга мажбурлады. Ошол эле учурда Орусиянын азыркы аракеттерине да Батыш түрткү болгон. Ал бул нерсени каалабай турганын айтып жатканына карабай себепкер болду. Ооба, Орусиянын азыркы кылып жаткандары туура эмес, бирок, ага ким күнөөлүү? Буга ким түрткү болду? Албетте, мунун баарына бир гана Америка кошмо штаттары күнөөлүү.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости