www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 15 жаштагы Акылай Баялиева менен 17 жаштагы Минур Кайратбек уулу дайынсыз жоголду.

Туугандарынын айтымында, алар 20-июль күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болушууда. Аларды акыркы жолу саат 18.00-19.00 аралыгында Панфилов атындагы сейил багынан көрүшкөн.

Достук кичи районунда жашаган кызды Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү издеп жатат. Өзгөчөлүгү: бою 167 сантиметр, чачы кара узун, түз, орто денелуу. Ал кара булгаары шорты, үстүндө ак көйнөк, бутунда ак спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Ал эми Новопавловка айылында жашаган жигитти Чүй облусунун ИИБи издеп жатат. Белгилери: бою 170 сантиметр, арыкчырай, чачы кара узун, көзү кара, мурду түз. Ал кара бомбер куртка, ак футболка, боз жынсы шым жана кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголгондор тууралуу билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу милицияга кайрылууну өтүнөт: 0700102738, 0554507888, 0508915591 же 102.

 

 

Последние новости