www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында төрөлгөн 3 эмге Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу башкы дарыгер Салтанат Назаралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы эне балдары менен бүгүн оорукандан чыгарылды.

"Эне балдардын абалы жакшы. Эне жана балдарды жакындары келип чыгарып кетти, аларга Садыр, Жапар, Нуркожо ысымдары ыйгарылды. Балдарга ысымды чоң атасы менен чон апасы ыйгарган", - деди Назаралиева.

6-октябрда Нарын аймактык ооруканасына 1999-жылы туулган келин келип түшкөн. Нарында ага кош бойлуулуктун 31-32 жумасы, оор преэклампсия диагнозу коюлган. Дарыгерлер кеңешип, кош бойлуулукту 35 жумалык кош бойлуулук мезгилине чейин узартууну чечишти. Үч жумадан кийин, тагыраагы, 29-октябрда операциядан кийин саат 11: 20да убагынан эрте төрөлгөн 3 ымыркай жарык дүйнөгө келген. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости