www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз жубайы, уулу, шопуру, иниси башкарган бийликтерди көрдүк. Эми достору башкара турган бийлик келе жатат. Октябрь айы Ташиев менен Жапаров үчүн күлүмсүрөп турат. «Доссекретарь» Камчыбек Ташиев Ак үйдү штурмалаганды жакшы көрөт. Ал 2012-жылы 3-октябрда «Чыңгызхан» деп ураан чакырып, Садыр Жапаровду ээрчитип алып Ак үйдү штурмалаган. Жайчылык касиети барбы? Садыр Жапаров, Ташиев Ак үй менен алек болуп жатканда эбак парламентке барып, отуруп калыптыр. Арийне, ал кезде Ак үйдү Ташиев алды деген кабарды уккан сыртта жүргөн Алмазбек Шаршенович эси ооп жыгылса, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кимге барып жүгүнөм деп «хамелеончо» өзгөрүлүп, президенттик аппарат башчысы Данияр Нарымбаев Нарынды безеленип качып бараткан жеринен Куу-Бакыдан кармап келишкен. Баса, Чолпон Жакупованын энесинин тажиясында Данияр Нарымбаевдин мурдун Нариман Түлеев бекер жерден талкалай койгон жок. Ал турмөдө жатканда бошотуп берем деп, кызынан 100 миң доллар алып Данике Нарикени сайга салып кеткен. Нарике жаткан нарда Камчыке менен Садыке да жатат. Жана да спикер болууга умтулуп жаткан Талант Мамытов да бар. Садыр Жапаров бийликке келген соң, Башкы прокурорду алган Курманбек Зулушев аларды 9 айдан кийин камактан бошотуп жиберген.

Садыр Жапаров, Атамбаев бийлик менен кашык каны калгыча салгылашып, көп саясатчыларга «бомба» койгон «Саясаттагы он жыл» китебин жазып, Сарууда болгон митинг үчүн, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаевди барымтага алды деген шылтоо менен сыртынан кесилет. 2017-жылы 25-мартта Кыргызстанга келип, келээри менен түрмөгө камалып, мойнуна 11 жыл 6 ай илинет. 2020-жылдын 5-октябрынан өкмөт башчысы, 15-октябрдан президенттин милдетин аткаруучу. Садыр Жапаров бул кызматка келген соң «Экономикалык амнистия» жарыялап, байларды кустурам деп аракет кылып келе жатат. Арийне, кимдин канча кусканы тууралуу шек-шыбаа жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости