www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздө учурдагы абалга байланыштуу көпчүлүк жерлерге өткөрмөлөр коюлуп, шаарлар, аймактар, облустар, райондор, жада калса айылдар дагы көзөмөлгө алынган. 

Ошол блок-посттордогу кызыктуу жана күлкүлүү окуяларга көңүл буруңуз:

Нарында санитардык постто тургандар зерикпеш үчүн бийлеп жатышат.

Бул видеодогу өткөрмөктө киши боз үй тигилип турганынан аза күтүлүп жаткан деп ойлогон окшойт, айтор, кошок кошуп кирди.

Бишкектеги өткөрмөктө айдоочу жалгыз бара жатканын айтса, текшерүүчү “кой жалгыз жүрбө, үйлөн” деген экен.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу 18-мартта коронавирус катталып, өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бир нече күндөн кийин, дагы эки облустан вирус катталып, Кыргызстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116. Алардын ичинен:

• Жалал-Абад облусунда – 54;

• Ош облусунда – 30;

• Чүй облусунда – 5;

• Баткен облусунда – 3;

• Ош ш. – 10;

• Бишкек ш. – 8;

• Нарын облусунда – 4;

• Ысык-Көл облусунда – 2

Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости