www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Нурлан Насип жакында эле чачын кырдырып, чыгармачылыктагы досторуна эстафета узаткан эле. Анын бул кылганын кээ бирлери жактырса, кээ бирлери “андан көрө элге жардам бербейби” деп катуу сынга алышкан. Ал сындар таасир эттиби же куудул Борончу Кудайбергеновдун сөзү катуу тийдиби, айтор, Нурлан Насип муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк берип, жардам кылган видеосун өзүнүн Инстаграм баракчасына жүктөдү.
“Буйруса баары жакшы болот деп ишенем. Кыргыз элибиз аман-эсен ушул илдеттен кутулуп чыгып кетсек экен. Анча-мынча интернетте маданият өкүлдөрүнө тийишкен ичи бузук арам адамдарга теңелгим келбейт. Кандай үйдө жашайбыз, кандай машина айдайбыз, чачыбызды кырабызбы, ал ар кимдин өзүнүн иши жана мээнети, эмгеги! Жаратканыбыз ар бирибизге маңдайга эмнени жазса ошону көрүп кудайга шүгүр кылып жашайлы. Ушул эстафета мага узаткан Анжеликадан алып, Максат Довранов, Данияр Эрматов, Улук Сапаров досторума узатам”,-деп ырчы билдирүү жазган.
Белгилей кетсек, буга чейин куудул Борончу Кудайбергенов коронавирус пандемиясына байланыштуу өзүнүн социалдык баракчасынан коомчулукка, кесиптештерине кырдаалды олуттуу кабыл алууга чакырып, кайрылуу жасаган..
"Биздин коом текеберчилик, көрө албастык, ичи тарлык, эки жүздүүлүк, кыянатчылык, ушакчылык, уятсыздык жана башка жаман адаттар менен ооруп калганбыз. Ушуну айыктыруу үчүн бул оору чоң эскертүү катары келди. Дагы деле ойноп жатабыз, маани бербей жатабыз. 10 күн үйдө отуруп калып, обу жоктонуп нааразы болуп жатабыз. Өзгөчө менин кесиптештерим, жакшы жашооңду, чачыңды кырдырганыңды, жер кыдырганыңды, жакшы тамактарыңды башкаларга жөнөтпө. Анткени ушул эле учурда бир канча баласы менен жегенге наны жок отурган үй-бүлөлөр бар, үйүндө ооруп, жардамга муктаж болгон адамдар бар экенин унутпа, эске ал”-дейт Борончу Кудайбергенов.
Булак: NazarNews.kg