www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 1-апрелде Кытайдын Хэнань провинциясынын Цзя округунда COVID-19 таажывирус илдетинин бир нече жаңы учуру катталгандан кийин бул округга адамдардын кирүүсүнө жана кыймылына тыюу салынды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, үч жергиликтүү дарыгерлердин өздөрүндө оорунун симптомдору болбогонуна карабай коронавируска тапшырган тесттеринин жыйынтыгында алардан вирус аныкталган.
Бийлик 570 миңге жакын адам жашаган райондун кире бериши менен чыга бериш дарбазасын жаап, коомдук транспорттун жана таксилердин кыймылын токтотту.
Мындан тышкары, жашоочулардын уруксат кагазы жок болсо, алар үйлөрүнөн эч жака чыга алышпайт, жумушка да бара алышпайт.
Хенань Кытайдын эң популярдуу провинцияларынын бири. Анда 109 миллиондон ашык адам жашайт.
Эске сала кетсек, 29-мартта Кытай бийликтери өлкө ичинде коронавирустун жайылуусу токтогон деп билдиришкен.
30-мартта Кытайда COVID-19 илдетин жуктургандар жана каза болгондор катталган эмес.
Булак: NazarNews.kg