www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы Бишкек шаары боюнча социалдык маанидеги 35 миң азык-түлүктүн топтомун таркатуу пландаштырылууда деп билдирген.
«Буга катар гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө ар дайым үй-бүлө курамын эске алуу керек. Белгилей кетсем, Өкмөт өз жарандары үчүн тамак-аштын тийиштүү көлөмүн бөлөт. Мамлекеттин резервдери бар, бирок көмөк көрсөтүү механизми ачык-айкын жана натыйжалуу болушу керек. Бардык тийиштүү каражаттар жетиштүү өлчөмдө бөлүнөт», - деп белгиледи Премьер-министр.
Өкмөт башчы мекендештерге өзгөчө кырдаал эрежелерин түшүнүү менен кабыл алып, аны сактап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Жарандар мындай чектөөлөр эмне себептен киргизилгендигин жакшы түшүнүшөт жана ага өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууда. Өкмөттүн негизги максаты – жардамдарга муктаждарга кам көрүү. Муктаж жактарга жардам толук көлөмдө көрсөтүлөөрүнө ишендирип кетким келет. Тез арада кадимки жай турмушка кайтуу үчүн ар бирибиз өз ишибизди мыкты аткаруубуз керек», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак: NazarNews.kg