www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча аракеттерге колдоо көрсөтүү максатында Өзбекстан Республикасынан гуманитардык жардам келди.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын орун басары Жасурбек Каримов коштоп келген жүктү Ош шаарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев тосуп алды.

Кыргыз Республикасына Өзбекстандан гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана 95 респиратору, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы жеткирилди.

Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.

Ага кошумча, Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөшүп, Өзбекстандын коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүгө көрсөткөн колдоосун жогору белгилеп, өзбек тарапка берген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости