www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин 2-апрелде элине дагы бир жолу кайрылды. Анда өлкө боюнча апрель айын иштебей турган күндөр деп жарыялады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Эс алып аткан учурда мамлекеттик кызматчы-жумушчулардын айлык акысы сакталарын билдирди.

Мындан сырткары, Россиянын карамагындагы аймактардын башчыларына өздөрүнө ыңгайлуу карантин чараларын киргизиши үчүн кошумча ыйгарым укук берди.

Аталган өлкөдө коронавируска байланыштуу жагдайдан улам өзгөчө абал же кырдаал жарыяланган жок. “Медуза” жана “Ачык Медиа” сайттары президенттин администрациясындагы ишенимдүү булактарына таянып Путин катаал карантин чаралары анын эл арасындагы кадыр-баркын түшүрөт деп эсептей турганын жазды.

Ошондой эле премьер-министр Михаил Мишустин да ушундай эле себептерден улам өзгөчө абал жарыялоого жоопкерчилик алгысы келбей турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Путин 25-мартта эле элге кайрылган жана анда 30-марттан 5-апрелге чейин бир жумалык эс алуу жарыялаган. Ошондой эле, Конституцияны өзгөртүү боюнча 22-апрелде өтө турган референдумдун мөөнөтүн илдетке байланыштуу кийинкиге жылдырган.

Россияда акыркы суткада  коронавирус илдети 771 адамдан табылды. Бул сан оору катталган алгачкы убактан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, илдет жуккандардын жалпы саны 3548 кишиге жетти. Оорудан бир күндө алты адам каза болду жана көз жумгандардын саны 30 адамга жетти. Коронавирустан 45 адам айыкты.

Жагдайга байланыштуу өлкөнүн 50дөй аймагында карантин жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости