www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“SILK ROAD” мейманканасынын кожоюну Бурул Кушбек өзүнүн мейманканасын обсервацияга берди.

“Азыр ушундай кырдалда жардам бербесек, качан жардам беребиз? Ар бир үй-бүлөдө бирден адам ооруп жатат. Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө кыйынчылыктар болуп жатат. Өнүккөн өлкө Американы карагыла... Биз ойлонуп көрүп мейманкананы берели деп чечтик. Ошол эле биз айткан күнү мэриядан Балбак Түлөбав чалды, андан кийин вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чалды. Маселелерди чечтик...Тамак аш маселелрди да сүйлөшүп такташып алдык. Учурда 60 кишиге орун даяр болот. Андан кийин дагы орундарды даярдоого мүмкүнчүлүк бар. Ушулардын баарын көрүп мага чалып жардам берели дегендер көп”, - дейт Бурул Кушбек.

Ошондой эле, ал мейманкана ээлерине кайрылып, кайдыгер карабай бош мейканаларды бергиле деп айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости