Болот Өмүралиев: “Кызматкерлерге жакшы шарт түзүүгө аракеттенем”
Маек  |   |  33408

Маектешим Болот Өмүралиев милициянын подполковниги. Бул тармакта көп жылдан бери иштеген тажрыйбалуу адис, мыкты жетекчи. Учурда Талас РИИБсин жетектейт. “Жолду билген башкарат”- демекчи, билимдүү,  иштин көзүн тапкан Болот мырза аталган РИИБге келгени мыкты иштерди жасаганы сокурга да белгилүү. Сөзүбүз куру болбош үчүн атайын Талас РИИБсине барып, жасалып жаткан иштерге күбө болдук.

-Болот мырза, Талас РИИБнин ичи да, сырты да көргөн адамдын көзүн кубантат экен. Мындай иштерге алып келүү кыйын болгон жокпу, дегеле жыл башынан бери аткарылган иштер туурасында кеп козгосоңуз?

-Сөз башынан болсун, мен бул РИИБге 2016-жылы келдим. Ошондо чын эле бул бөлүм облус боюнча да, республика боюнча дагы эң артта калган РИИБ эле. Тергөө бөлүмүндө бир эле кызматкер калыптыр, ал эми 8-9 иш оруну бош туруптур. Имарат деген аты эле болбосо, ишенесизби жада калса дааратканасы жок болчу. Кызматкерлер арасында моралдык-психологиялык климат да өтө начарлап кеткен. Мындай шарт, мындай абал менен иштөө мүмкүн эмес экенин түшүндүм да, кызматкер балдардын демин көтөрөюн деп аракеттендим. Райондук мамлекеттик администрацияга, “Алянс Алтын” ЖЧКсына “Бакубат Талас” фондуна болгон шартыбызды билдирип кат менен кайрылдым. Ошентип ал жактан 2 млн. 244 миң сом алдым. Өзүбүздүн министрликке шартыбызды түшүндүрүп, 700 миң сом алдык. Аны менен тергөө имаратын, чоң жыйын залын бүткөрдүк.  РИИБнин ичи-сыртын оңдодук. Сырткы тосмосун жасадык. Андан соң кызматкерлер үчүн  даараткана, мончо, ашкана айтор бир комплекс куруп алдык. Бул жерде эски бузулган имаратыбыз бар болчу. Аны бузуп, кышын колдондук. Ашар жолу менен бардыгыбыз жан талашып, бир жыл толук ишемби күндөрү иштеп жаттык. Кезек менен тамак ташыдык. Чат-Базар ПОМунун жылытуу системасын оңдоп, терезелерин алмаштырдык. Айтор, бардык шартты түзүп берүүгө аракеттендим. Кудайга шүгүр азыр толук шартыбыз бар. РИИБнин сыртына балатыларды, алманын түрүн тигип, эшик алдын цементтеп, имараттын ичине муздаткыч, сыналгы, кичи толкундуу меш коюп алдык. Кызматкерлерибиз жумасына эки жолу спорт менен машыгышат. Ошол күндөрү мончобузду жагып, түшүп алабыз. Айтор өздүк курам эч жакка акча коротушпайт.

-Чынында бир топ иштер аткарылыптыр. Сурайын дегеним, мунун баарын жасоого эмне түркү болду?

-Бардык нерсе келип эле акчага такалат да. Биздин айлык кандай экенин өзүңүздөр деле билсеңиздер керек. Өзүм эмгек жолумду аймактык тескөөчүдөн баштагам. Ошондуктан кандай айлык, кандай чыгым экенин өз жон терим менен сезем, билип турам. Кызматкерлер спорт менен алектенгенде унаа менен Талас шаарына мончого барышканына күбө болдум. Бул аймакта тамактануучу жай жок болгондуктан, тамак ичет элек деп шаарга барып жатышканын көрдүм. Унаанын майы, кеткен убакыт, мончонун акчасы болуп отуруп бир топ эле чыгым болушаарын байкадым. Өздөрү жарыбаган айлык алса, анан минтип коротушса, бул жарабайт деп ойлондум да, ушундай шарт түзүүгө бел байладым. Кыскасы алган акчабызды үнөмдөө максатын көздөдүк.

-Түзүлгөн шарт иштин жүрүшүнө таасир бере алдыбы?

-Албетте, таасирин берди. Мисалы, спартакияда боюнча былтыр 6 айдын ичинде эле республикада 2-орунга, ал эми облус боюнча 1-орунга илиндик. Буга чейин 1-орунду көп жыл бою алышпаптыр. Балдардын деми кадимкидей көтөрүлдү. Бул жылдын жарым жылдыгында да кылмыш ачуу ж.б. багыттар боюнча облуста биринчиликти берген жокпуз. Өздүк курамда абал өтө жакшы. Эмгек жамаатыбыз жаштардан түзүлгөн. Кызматкерлердин кесиптик деңгээли жогору. О.э. ардагерлер кеңеши бар. Алар менен тыгыз иш алып барабыз. Убагы менен келип, билбегенибизди үйрөтүп, акыл-насааттарын айтып турушат. Майрамдарда биз да чакырып, колдон келген сыйды көрсөтүп турабыз.

-Дагы кандай жакшы жаңылыктарыңыздар бар?

-ОБСЕ тарабынан бизге көчмө кабылдама берилди. Унаага ээ болуп кубандык. Жер үй алтын кени да иш-аракетибизге ыраазы болуп, “кайра кат менен кайрылгыла, нөөмөт бөлүмүнө 7 орунду унаа беребиз” деп убадалашты. ОБСЕнин өкүлдөрү да РИИБни көрүп, “Берген акчаны максаттуу жумшадыңар” дешип, дагы бир унаа жана эки иш бөлмөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берээрин билдиришти. Материалдык-техникалык базаны күчөтүүбүз керек. Бизге жардам көрсөткөн министрликке, жогорудагы фонддорго  ыраазычылык билдиребиз.

-Эл арасында милициянын кадыр-баркы кандай? Элдин ишеними, сыйы дегендей...

-Туура, милиция кызматкерлери бир-эки учурларда жаман көрүнүп калганыбыз ырас. Жашырганда эмне, кызматкерлерге кол көтөрүп, жаман сөз менен кыйкырып, мазактаган күндөр да болду. Чындыгында оор кырдаалдар өттү. Ошондой оор кырдаалда деле иштеп келдик. Азыр эми элдин түшүнүгү жогорулады. Мурункуга караганда элдин сыйы, мамилеси жакшы. Кызматкерлерге “Силер мамлекеттин күзгүсүсүңөр. Ага татыктуу болгула. Сакал-мурутуңарды алып, дайыма таза форма менен чыкыйып жүргүлө. Ошондо эл сыйлайт, сестенет. Билим деңгээлиңерди жогорулаткыла”-деп дайыма айтам.

-Сиз жетекчиликке чейин кандай жолду басып өттүңүз?

-Академияны бүткөн соң Талас ШИИБде аймактык тескөөчү болдум. Анан ыкчам кызматкерге өттүм. 2006-2008-жылдары Талас ОИИБде диний эскстремизмге каршы бөлүмүндө иштедим. Андан кийин ал жерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө ага ыкчам өкүл болуп эмгектендим. Кара-Буура РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, РИИБнин жетекчисинин орун басары болдум. 2011-жылы КРнын ИИМнин башкы иликтөө кызматында ага ыкчам кызматкер катары  2014-жылга чейин иштедим. Кийин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн Талас боюнча жетекчиси болгом. 2016-жылдан тарта Талас РИИБде жетекчи болуп отурам.

-Талас району канча айыл өкмөттөн турат жана канча калк жашайт?

-Талас району 13 айыл аймагынан, 28 айылдан турат. Болжол менен 70 миңге жакын калк жашайт. Талас облусунун аймагы жалпы 220 чакырым болсо, анын 120 чакырымы Талас районуна кирет. Тактап айтканда, биздин бөлүмдөн алыскы айылдарга чейинки аралык  110-120 чакырым болуп кетет. Жогорудагыдай калкты жана аймакты тейлөөгө биздеги 7 унаа аздык кылчу. Жакында ОБСЕден  кичи автобус алдык. Биздин районго унаа алууга ОБСЕ көмөктөштү. Унаалар нөөмөт жана кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнө зарыл болот. Себеби, шашылыш чакыруулар болгондо тез арада жетип баруу биздин милдет.

-Бул райондо кылмыштын кайсы түрү басымдуулук кылат?

-Кылмыштуулуктун басымдуусу мал уурулук. Акыркы жылдары малдын саны өстү. Мал-жанына кайдыгер карап, талаага таштап коюшкандыктан мал жоголуу, уурдоо көп катталууда.  Биз колдон келишинче баарынын бетин ачууга аракеттенебиз. Тоо, белди ашып 1-2 күн убакытта жоголгон малдардын изин таап, үмүт арткан элди кубанткандан ырахат алам.

-Райондо диний кырдаал кандай?

-Кудайга шүгүр. Туруктуу. Каттообузда хизб ут-тахрирлер бар. Аларды көзөмөлдөп, алар менен иштейбиз. Кудай сактасын, бизден Сирияга кеткендер жок. Райондо 36 мечит бар. Экөө гана аккредитациядан өтө элек. Баардык диний жайларды текшерип, эл арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзөбүз. Жаш өспүрүмдөр менен иш алып барабыз. Суицид мурунку жылдарга салыштырмалуу жок. Анткени биз убагы менен түшүндүрүү иштерин кылабыз. Ошонун натыйжасы го дейм. Социалдык жактан колдоого муктаж, жетим балдарды да көңүл сыртында калтырбай колдон келишинче жардам берүүдөбүз. Жакында эле эки эгиз баланы мектепке даярдадык. Кызматкерлерди патриоттуулукка, кайрымдуулукка үндөгөн ар кандай иш-чаралар байма-бай өтүп турат.

-Болот мырза, эмнеге милиция болдуңуз?

-Атамдын жолун жолдоп... Атам Омуралиев Мамбеткалык подполковник, милициянын ардагери. Өмүр бою бул тармакта иштеген. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” – демекчи, атамды көрүп таасирленгем. Атам да мага колдоо көрсөткөн. Учурда келинчегим экөөбүз үч кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз. Эки бөлмөлүү үйдө батирде турабыз. Милиция кызматкерлерге үй салынса, бизге да тийип калаар деген ниеттебиз. Балдар чоңойгон сайын кенен үйгө муктаж болот экенсиң. Башка эч кандай каржы булагым жок. Соода тармагына же башка ишке шыктуу эмесмин. Билимим менен элиме кызмат кылуудамын. Андыктан, кээде ойлонуп уулума “Милициядан башка кесипти танда. Кийин сенин да мендей болушуңду каалабайм”-деп калам.

Маек 2018-жыл, сентябрда алынган

Булак: Элита плюс

Поделитесь с друзьями