www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков каза болду. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 62 жаштагы дарыгер 30-июнь күнү коронавирус аныкталган соң ооруканадагы обсервацияга жаткан.

Эске сала кетсек, Эдил Садыков 1958-жылы Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган. 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун аяктап, ошол эле жылы Ысык-Көл облустук балдар ооруканасына интернатурага жиберилген.

1986-жылы ушул эле балдар ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Эмгек жолунда ал облустук балдар ооруканасында, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген.

2011-жылдан ушул күнгө чейин Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 2007-жылы "Саламаттык сактоонун отличниги" төш белгиси менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости