www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы айрым адамдар коркконунан көчүп кетүүнү пландашууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда NazarNews маалымат агенттигине Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну Токтосун Сабиятов билдирди. 

--"Мен Баткен облсунун чыр-чатак болгон Интернационал айылында жашайм. 28-апрелде айылга тажик аскерлери чогулуп, кол сала баштаганын уктук, жарым сааттан кийин эле УКМКнын Лейлектеги башчысы айылдан чыгып кеткиле" деген билдирүү таратыптыр. Бизди УКМКнын балдары башка жака качып кетүүгө жардамга келип, айыл тургундары коопсуз аймактарга тоого, башка айылдарга качып кеттик. Ошондо 3 гана кыргыз бала Тажикстандын 100гө жакын куралчан чек арачыларынан коргоп турду. 

Интернационал айылында эки миңден ашык кожолук бар. Жалпы беш миңге жакын тургун жашайт. Алардын 20 жакыны тажик үй-бүлөлөрү. Ошондой эле, аталган аймакта өзбек жарандары дагы отурукташып калган. 28-апрелде тажик жана өзбек улутундагы жашоочулар эрте эле айылдан чыгып кетишкен. Ал эми 29-апрелде Интернационал айылынын тургундары Исфанага качышканда тажиктер кыргыздардын үйүн өрттөп, талкалашкан. Биздин айылдагы кыргыздардын үйлөрүн тажиктер өрттөгөн. Тажик жана өзбек жарандарынын үйлөрүнө тийишкен эмес. Таза боюнча туруптур. Булардын арасында Тажикстанга отчёт берип турган адамдар бар. Керек болсо ооруканада жаткандары дагы эки-үч күн эрте чыгып кетишиптир. Булар алдын ала баарын билип, коопсуз аймактарга кетип калышкан. 

Ал эми Максат айылында Баткендеги кыйроолорго өкмөт жакшы көңүл бурбай жатат. Ал айыл толугу менен талкаланып калды. Өкмөт келип сурап кеткенден башка эч нерсе жыйынтык жок. Болгону карапайым эл гана жардам көрсөтүп жатат. 

Андыктан бийлик Баткендеги Тажикстан менен чектеш аймактардагы чек ара маселеси чечип, бекемдеп берсе. Болбосо эл коркуп жашап, айрымдары башка жака көчүп кетүүнү пландап жатышат. Ошону мене катар чек арага жакын айылдарга чакан завод, фабрикаларды куруп элди жумуш орундарын менен камсыз кылып беришсе жакшы болмок. Мен президент Садыр Жапаровго дагы кайрылат элем", - дейт айыл тургуну. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости