www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 50 миңдей норка жана ондатр жандыктарынын териси кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөрүлүп баратканын аныктап, кармашты. Бул тууралуу аталган мекемеден бүгүн, 16-июнда маалымдашты.

Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде «Scania» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын тиешелүү документтери жок жүк алып баратканы белгилүү болгон.

Фото ГСБЭП КР. Шкуры

Мындан сырткары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин айтымында, кармалган жаныбарлардын териси Кыргызстанда бир жылда катталган ондатрлардын санынан көп экени ачыкка чыкты. Мыйзамсыз ташылып бараткан терилерден мамлекетке келген чыгым 500 миллион сомдун тегерегинде экени аныкталды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын ИИМден билдиришти.

Ысык-Көл мергенчилик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Улан Дөкөнбаевдин айтымында, аталган жандыктарды жок кылуу үчүн жаза өлгөн ондатрлардын ар биринин баасы 1,5 миң сомдон жогору турат жана браконьерлерге айып пул каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости