www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын куралдуу күчтөрү үч жоокери, арасында жогорку офицер талаштуу Гималай чек арасында кытайлык аскерлер менен "бетме бет тирешүүдө" окко учканын билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кытай өз кезегинде Индия аскерлери талаштуу чек ара зонасына кирип барышкан деп айыптады.

Соңку бир нече жылдан берки олуттуу окуя 15-июндун кечинде Галван өрөөнүндө болгон. Ал жерде акыркы бир нече жумадан бери кагылышуулар болуп келатканы кабарланган.

Индиянын армиясы жасаган билдирүүдө тараптардын аскер өкүлдөрү чыңалууну басаңдатуу үчүн жолугушуп жатканы айтылган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы индиялык аскерлер дүйшөмбүдө “эки ирет чек ара сызыгынан өтүшкөнүн, чагымчылыкка барып, кытайлык жоокерлерге чабуул коюшканын, натыйжада ортодо кагылышуу болгонун” билдирди.

Дүйнөдөгү эң көп калктуу эки өзөктүк держава 1962-жылы согушуп, Индия жеңилип калган.

Дели Бээжинди 38 000 чарчы километр жерин басып алгандыгы үчүн айыптап келатат. Чек ара талашын жөнгө салуу үчүн 30 жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости